Колл - борбор: 105, 1209

Жумгал районунда жаңы административдик имарат пайдаланууга берилди

15 Ноябрь 2025 ж.

Кечээ, 2025-жылдын 14-ноябры, Кыргыз Республикасынын Энергетика министри Таалайбек Ибраев жана “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААКнын башкы директору Ильгиз Сыдыгалиев Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында Жумгал райондук электр тармактарынын жаңы административдик имаратынын ачылыш аземине катышты.
 
Министр Таалайбек Ибраев өз куттуктоо сөзүндө мындай деди:
“Жумгал сыяктуу тоолуу райондордо энергетика тармагы — турмуштун негизи. Бул жаңы имарат — биздин кызматкерлерге болгон камкордуктун жана аймактардагы инфраструктураны өнүктүрүүгө болгон ырааттуу саясаттын жыйынтыгы. Энергетикалык кызмат көрсөтүүнүн сапаты түздөн-түз кызматкерлердин шартынан көз каранды, ошондуктан мындай курулуштардын мааниси чоң.”
 
Эки кабаттуу, жалпы аянты 360 м² түзгөн имараттын сметалык баасы 21 млн 215 миң сом. Имарат 65 кызматкерге ылайыкталып, заманбап талаптарга толугу менен жооп бергидей курулду. Курулуш иштерин ЖЧК “Ширин Бизнес Групп” жүргүзгөн, ал эми “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААКсы тарабынан каржылоо иштери жүргүзүлдү.
 
Эски имарат 1972-жылы курулуп, райондун борборунан алыс жайгашкандыктан, калкты тейлөөдө бир топ кыйынчылыктарды жаратып келген. Жаңы имарат болсо Чаек айылынын борбордук бөлүгүндө курулуп, калкка кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатат.
 
Курулуш иштери үстүбүздөгү жылдын май айында башталып, бүгүнкү күндө толук бүткөрүлүп, пайдаланууга берилди. Долбоордо кошумча 140 м² гараж жана чарбалык имарат да камтылган.
Бул имараттын ишке берилиши район калкы үчүн сапаттуу тейлөөгө жана энергетика кызматкерлеринин иш шарттарын жакшыртууга чоң өбөлгө болот.
 
Мындан тышкары, салтанаттуу ачылыш аземдин жүрүшүндө Жумгал районунун акими, Энергетика министри Таалайбек Ибраевге райондун өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн “Жумгал районунун ардактуу атуулу” төш белгисин ыйгарды.
 
Имараттын ачылышына КРнын энергетика министри Т.Ибраев, “КУЭТ” ААКнын башкы директору И.Сыдыгалиев, Жумгал райондук администрациясынын башчысы-аким Адылбек Набиев, Нарын электр тармактарынын жетекчилери жана энергетиктер катышты.