Колл - борбор: 105, 1209

Жумгал районунун Кең-Суу айылы электр энергиясы менен камсыз болуу алдында турат

9 Сентябрь 2023 ж.

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун берген тапшырмасы менен Энергетика министрлиги электр энергиясыз күн өткөрүп, жашап келген Жумгал районунун Кең-Суу айылынын тургундарын электр жарыгы менен камсыз кылуу алдында турат.
 
Бул аймак түптөлгөн жылдан бери электр жарыгы менен камсыз болбогондуктан, жергиликтүү тургундар мамлекет башчысына кайрылуу жасап, маселе кароого алынды.
 
Бүгүнкү күнү, Энергетика министрлиги тарабынан атайын техникалар тартылып иш кыйла жеңилдеди.Бирок, техника жетпеген участоктордо мамычаларды орнотуу бир топ кыйынчылыктарды жаратууда, ага карабастан Нарын электр тармактар ишканасынын кызматкерлери ыкчам иш алып барууда.
 
Азыркы тапта, энергетиктер тарабынан мамычалар орнотулуп жатат. Орнотуу иштери бүтсө 11 чакырым 10 кВ аба чубалгысын тартуу иштери жүрүп баштайт.
 
Эске салсак, 2017-жылы бул айылда 17 түтүн катталып, азыркы тапта 21 түтүн жашайт. Ошол убакта Азия өнүктүрүү банкы тарабынан пилоттук негизде насыяга күн батарейкаларын 15 үй-бүлөө алып, 3 жыл аралыгында насыя төгүп келишкен, кийинки 2 жылын мамлекет чегерип берген. Бирок бул долбоор аягына чыккан эмес.