Колл - борбор: 105

Ак-Талаа районунда калкты туруктуу электр энергиясы менен камсыздоо иштери күчүндө

13 Май 2026 ж.

Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги тарабынан энергетика тармагын модернизациялоо, санариптештирүү жана калкты сапаттуу электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоо багытында масштабдуу иштер ырааттуу жүргүзүлүүдө. Бул алгылыктуу иштердин алкагында “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААКнын филиалы — Нарын электр тармактар ишканасы тарабынан аймактарда күз-кыш мезгилине даярдык көрүү иштери активдүү улантылууда.
 
Тактап айтканда, Ак-Талаа району боюнча 2026–2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык көрүү максатында оңдоо жана кайра куруу иштери жүрүп жатат. Жылдык иш-пландын негизинде 460 чакырым 10/0,4 кВ аба чубалгыларын жана 246 даана 10/0,4 кВ көмөк чордонду техникалык тейлөөдөн өткөрүү жана оңдоо мерчемделген.
Апрель тартып бүгүнкү күнгө чейин 145 чакырым аба чубалгысы жана 114 даана көмөк чордон оңдоодон өткөрүлдү.
 
Мындан тышкары, калкты туруктуу электр энергиясы менен камсыздоо жана тармактын кубаттуулугун жогорулатуу максатында Баетов айыл аймагында 250 кВАлык трансформатордун ордуна 400 кВАлык ГКТП (шаар тибиндеги трансформатор) орнотуу, ошондой эле 5,5 чакырым СИП-2 жана 1,3 чакырым СИП-3 зымдарын тартуу жана алмаштыруу иштери ремонттук кампаниянын алкагында жүргүзүлүп, жыл аягына чейин толук аткарылат.
 
Мындан сырткары, өздүк өндүрүштөн чыгарылган темир-бетон буюмдар цехинен СВ-95,105 үлгүсүндөгү электр мамылары алынып келинип, жаңылоо иштери аткарылууда. Жыл соңуна чейин жалпы 344 даана электр мамысын алмаштыруу пландалган. Анын ичинде 207 даана жаңы мамы Баетов айылына орнотулуп, Куртка -8 даана, Тоголок-Молдо -4, Жогорку май -3, Ак-Кыя-2, Коңорчок- 10, Байгөнчөк-10, Жерге -Тал- 7, Кош-Дөбө- 10, Терек- 14, Баетов 20, Кайыңды-Булак-8, Ак-Чий-9, Пионер -17, Үгүт-5, Ак-Тал- 10, жалпы 137 даана эскилиги жеткен жыгач мамылар жаңыртылат.
 
Жүргүзүлүп жаткан мындай иштер Ак-Талаа районунун бир катар айылдарында электр тармактарынын ишенимдүүлүгүн арттырып, калкты сапаттуу жана туруктуу электр энергиясы менен камсыздоого өбөлгө түзөт.