Колл - борбор: 105, 1209

Быйыл Кочкор районунда 511 трансформатор оңдоодон өтөт

11 Июнь 2025 ж.

“КУЭТ” ААКнын филиалы - Нарын электр тармактар ишканасынын Кочкор райондук электр тармактары 2025-жылга карата электр энергиясын камсыздоонун сапатын жогорулатуу максатында оңдоп-түзөө жана реконструкция иштерин жүргүзүүдө.

Жылдык планга ылайык, быйылкы жылы жалпы 511 даана трнсформатор жана 1076,3 чакырым 10/0,4 кВ  аба чубалгыларын оңдоп-түзөөдөн өткөрүү мерчемделген.

2025-жылдын алгачкы төрт айында жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгы боюнча:

 • 190 даана трансформатор капиталдык жана утурумдук оңдоодон өткөрүлдү;

 • Жалпы 300 чакырым аба чубалгыларында оңдоп-түзөө иштери аткарылды.

Капиталдык курулуш иштеринде:

 • 24,5 чакырым 10/0,4 кВ аба чубалгысын толугу менен кайра куруу;

 • Ашыкча жүктөлүш менен иштеп жаткан 12 даана комплекттүү көмөкчү чордондордун (КТП) шкафын заманбап шаар тибиндеги ГКТПларга алмаштыруу каралган.

• 929 даана АСКУЭ электр эсептегичтерин алмаштыруу

• ||| Элдик Курултайда көтөрүлгөн маселе боюнча жалпы 10/0,4 кВ 1,9 км аба чубалгы жаңы куруу, 1 даана 10/0,4 кВ күчтүк трансформатор орнотуу

• 1 даана реклоузер жабдыгын орнотуу.

Мындан тышкары, Кочкор, Жумгал жана Тогуз-Торо райондорундагы электр жабдууларын ыкчам жана сапаттуу оңдоо үчүн Кочкор РЭТнин базасында заманбап трансформатор оңдоо цехинин курулушу башталды. Аталган объект 2025-жылдын сентябрь айына чейин аяктап, ишке берүү пландалууда. Натыйжада, оңдоо иштери эми жеринде жүргүзүлүп, убакыт, транспорттоо жана каржы жагынан олуттуу үнөмдөөлөр  болот.

Ошону менен катар эле, Кочкор районунун Чолпон айылында жалпы аянты 845 чарчы метрди түзгөн, жылына орточо 3000 даана темир-бетон мамы чыгарууга жөндөмдүү өндүрүш цехинин курулушу башталды. Бул ири өндүрүш объектинин ишке кириши менен  Кочкор, Жумгал жана Тогуз-Торо райондорун темир-бетон мамылары менен үзгүлтүксүз камсыздоого жана тейлөө иштеринин ылдамдыгын арттырууга шарт түзүлөт.

Бул иштердин негизги максаты — электр энергиясын жеткирүүдөгү жоготууларды азайтуу, жабдуулардын ишенимдүүлүгүн, кубаттуулугун жогорулатуу жана керектөөчүлөрдүн электр энергиясына болгон муктаждыгын үзгүлтүксүз камсыз кылуу.